super.kg logo

Sheraton мейманканасындагы чыр: Зарина Алмасова менен инисине сот өкүмү чыкты  

 

30-июнга караган түнү Sheraton мейманканасында болгон мушташ боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 13-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Зарина Алмасова Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекет пайдасына 50 миң сом айып пул төлөө жазасы чегерилген.

Ал эми анын иниси А.Р.А. Жазык кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча айыпсыз деп табылып, кылмыш курамы жок болгондуктан акталган. Ошол эле учурда А.Р.А. Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ага 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы чегерилген.

Бирок Жазык кодексинин 82-беренесинин негизинде ага карата 1 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, жазаны чыныгы түрдө өтөөдөн бошотулган.

Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.

Көп өтпөй Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козгоп, 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармаган. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган. Эртеси күнү коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Көп өтпөй анын эки жансакчысы да кармалган.

4-августта Жан Воинов 30-июлда абактан бошотулганын Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен. Маалым болгондой, арыз ээси Ж.Т. аттуу жаран бейбаштык фактысы боюнча тосмо арызы менен кайрылган. Анда ал шектүү Жан Воиновго мындан ары дооматы жок экенин билдирген.

Алина Жакыпова болсо анын бошотулушу боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасап, арызын албаганын, шектүүлөрдүн бири абакта экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: