Манаста унаа мектептердин окуучуларынан сынакта акча алып келишкендер кармалды







Манас шаарында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат алар жеке менчик унаа мектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп алып, практикалык сынактарын тапшыруу үчүн окуучулардан системалуу түрдө акча чогултууну уюштурушканы аныкталганын белгиледи. Унаа мектептердин окуучулары 5000 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражаттарын ортомчу жарандарга өткөрүп берип турушкан. Алар өз кезегинде мекеменин кызматкерлери аркылуу сынактарды тапшырууда акча бергендердин оң баа алуусун камсыздашкан.
Практикалык сынак тапшырган күнү 10дон 15ке чейинки окуучулар бул коррупциялык схемадан өтүшкөн. Ал эми уюштуруучулардын мыйзамсыз кирешеси күн сайын 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин жетип турган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жана алардын шериктери Б.М., Д.Т., С.Э. жана М.Б. аттуу жарандар кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагынын киргизилип, иликтөө иштери уланууда.
Манас шаарында унаа мектептин окуучуларынан сынакта акча алып келишкендер кармалды
