Белгилүү төкмө акын да бар... №20 шайлоо округунда шайлоого аттанган талапкерлер
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №20 шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 9 талапкер катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Мындай маалымат мекеменин расмий сайтына жайгаштырылды.
Талапкерлердин тизмеси:
Алымкулов Көлбай Бейшебаевич, 03.11.1959-жылы туулган, пенсионер
Асекова Гүлмира Асанкуловна, 20.07.1965-жылы туулган, №5 мектептин мугалими
Мухидинов Оятулло Нуралиевич, 23.05.1986-жылы туулган, жеке ишкер
Болгонбаев Азамат Таалайбекович, 29.10.1983-жылы туулган, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны
Атамбаев Сеидбек Алмазбекович, 02.07.1976-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Мырзабаев Алдаяр Токторбаевич, 10.10.1961-жылы туулган, жергиликтүү кеңештин депутаты
Алымбеков Максат Жумакадырович 05.06.1984-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович, 17.05.1981-жылы туулган, “Юргарант плюс” ААКсынын башкы директору
Маратов Арсен Маратович, 20.01.2000-жылы туулган, жеке ишкер
№20 шайлоо округу - Лебединовка айылы. Шайлоочулардын саны 127 миң 760. Шайлоо округуна Аламүдүн району толугу менен, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Манас айылы, Учкун МТУ-208, Маевка МТУ-207, Калыс-Ордо МТУ-205 толугу менен кирди. Ошондой эле Свердлов районундагы Лебединовка айылы МТУ-307, Аламүдүн айылы МТУ-306, Эне-Сай МТУ-305, Бакай-Ата МТУ-302, Чоң-Арык МТУ-108, Бишкек шаарынын Ленин району кошулган.
БШК парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

