Венесуэланын президенти Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мачадону "шайтандын каргышы" деп атады
Венесуэла президенти Николас Мадуро оппозиция лидери жана 2025-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Мария Корина Мачадону "шайтандын каргышы" деп атап, катуу сындады. Бул тууралуу Newsweek басылмасы жазды.
Испаниянын солчул Podemos партиясынын башкы катчысы Ионе Беларра 2025-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгынын натыйжаларын кескин сынга алып, аны "аскердик кылмышкерлерге ыйгарылды" деп жазды. Ал бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасында билдирген.
Ал эми Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо Нобель сыйлыгына ээ болгондон кийин өзүнүн сыйлыгын АКШнын президенти Дональд Трампка арнады. Трамп талапкер болгону менен сыйлыкты ала алган жок. Мачадо бул окуяны венесуэлалыктардын эркиндик үчүн күрөшүнө коюлган баа катары белгиледи.
Буга чейин сыйлык Дональд Трампка ыйгарыла турганы айтылган, анткени анын президенттик мөөнөтү башталгандан бери дүйнөнүн көп саясатчылары жана эксперттери аны бул сыйлыкка сунуштап келишкен болчу.
