super.kg logo

Трамп Эрдоганды катуу жаңгак деп атады

 

Газа саммитинин жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганды катуу жаңгак деп атады.

Америкалык лидер Анкарада дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири бар экенин белгилеп, Эрдоган акыркы кагылышууларда жеңишке жеткенин айткан.

"Эгерде акыркы кагылышуулардын кээ бирлерин карасаңыз, ал биринчи орунда турат жана ал аларды жеңип алды", - деп келтиришти чет элдки басылмалар анын сөздөрүн.

Трамп ошондой эле түрк лидерин дос деп атап, "ал мага керек болгон сайын ошол жерде болчу. Андыктан мен президент Эрдоганга ыраазычылык билдиргим келет", - деген.

Трамп менен Эрдоган Египетке болгон сапарында Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси жана Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль-Тани менен бирге Газа тилкесиндеги согушту токтотуу келишимине кол коюшту. Тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары алар Израил менен ХАМАСтын ортосунда ортомчу катары иш алып барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: