Баткенде “Манас оюндары” жыйынтыкталды (фото)





















Кечээ, 13-октябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо “Манас оюндары” спорттук иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
“Манас оюндары” айкүр (канталамай), кыргыз күрөшү, ордо, салбуурун жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлдү.
Улуттук спорттук оюндарга Кыргызстандын 7 облусунан жана 2 шаарынан келген спортчулар катышып, жеңүүчүлөр медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Жыйынтыгында:
Бишкек шаары - 1-орун, 800 000 сом;
Ысык-Көл облусу 2-орун, 500 000 сом;
Талас облусу - 3-орун, 300 000 сом;
Чүй облусу - 4-орун, 200 000 сом;
Баткен облусу - 5-орун, 100 000 сом;
Ош шаары - 6-орун, 100 000 сом;
Нарын облусу - 7-орун, 100 000 сом;
Ош облусу - 8-орун, 100 000 сом;
Жалал-Абад облусу - 9-орун, 100 000 сом.
Белгилей кетсек, аталган ири иш-чара Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Спорт агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
