Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эки унаа кагылышып, жаш бала оор жүк ташуучу унаанын алдында калды
Социалдык тармактарда Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолдо болгон жол кырсыгынын видеосу тарады. Анда жаш бала жүк ташуучу унаанын астында калып калган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдиргендей, 13-октябрь күнү саат 15:50 чамасында Аалы Токомбаев көчөсү менен 1986-жылы туулган С.Ж. аттуу айдоочу жүк ташуучу унааны айдап бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн алдынан жеңил унаа айдап бара жаткан 1963-жылы туулган Ю.Б. аттуу айдоочунун унаасы менен кагылышкан. Андан соң 2015-жылы туулган Х.Л.ны жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп кеткен. Натыйжада бала оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында калган.
Кырсык болгон жерден бала №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилган. Жабырлануучунун баш териси жана оң жамбаш тарабы жабыркаганы айтылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


