Мадагаскардын президенти башаламандык учурунда өлкөдөн чыгып кетти
Мадагаскарда "Z мууну" аттуу массалык нааразылык акциялары эки жумадан ашык убакыттан бери уланууда. Бул демонстрациялар 2025-жылдын сентябрында суу жана электр энергиясынын жетишсиздигинен улам башталган.
Бирок кыска убакыттын ичинде саясий талаптарга айланып, митингчилер президент Андри Радзуэлинанын кызматтан кетүүсүн, сенатты жана шайлоо комиссиясын таратууну талап кылышкан.
Жергиликтүү медиалардын жана оппозиция өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Андри Радзуэлина армиянын бир бөлүгү митингчилердин тарабына өтүп кеткенден кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Radio France Internationale булактарынын айтымында, жекшемби күнү президентти тик учак аркылуу Мадагаскардын чыгыш жээгиндеги Сент-Мари аралына жеткиришкен, андан кийин ал француз аскер учагына отуруп кеткен. RFI'нин маалыматы боюнча, президент Маврикий аркылуу Дубайга учуусу мүмкүн.
Бул эвакуацияны Франция президенти Эммануэль Макрон уюштурган деген маалыматтар айтылууда.
Француз бийликтери Мадагаскардагы кырдаалга кийлигишпей тургандыгын билдиришкен, ал эми Макрон кечээ Египеттен учуп кетер алдында журналисттер менен болгон маегинде Мадагаскардагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Радзуэлинанын француз бийлигинин колдоосу менен эвакуацияланганын ырастоодон баш тарткан.
Андан кийин Радзуэлина элге кайрылып, өлкөдө бийликти мыйзамсыз жана күч колдонуу менен басып алууга аракет болгонун билдирген. Ал өлкөнүн жашоодо өтө маанилүү күчтөрүн конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн биригүүгө чакырган. Ошондой эле Радзуэлина өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан, бирок кайда экени тууралуу маалымат берген эмес.
Ал саясий кризисти чечүү үчүн Конституцияны сактоого чакырган.
Андри Радзуэлина биринчи жолу 2009-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийликке келип, өткөөл өкмөттү жетектеген. 2018-жылы ал президент болуп шайланган, ал эми 2023-жылы кайрадан президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.
