super.kg logo

Казакстанда биринчи жолу никеге мажбурлоо боюнча кылмыш иши козголду

 

Казакстанда биринчи жолу "никеге мажбурлоо" үчүн кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 16-сентябрда Кылмыш-жаза кодексине никеге турууга мажбурлоо үчүн жоопкерчиликти караган 125-1-берене киргизилген. Анын ичинде кыз ала качуу же күч колдонуу менен коркутуп, турмушка чыгууга мажбурлоо учурлары да бар.

Бул үчүн айып пул, оңдоо иштерин жүргүзүү, эркиндигин чектөө же эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган. Эгерде аракеттер оор кесепеттерге алып келсе, мөөнөт беш жылдан он жылга чейин болушу мүмкүн.

"Никеге турууга мажбурлоо фактылары боюнча биринчи кылмыш иштери Шымкентте жана Кызылорда облусунда катталды. Белгилей кетчү нерсе, эки учурда тең жабырлануучулар жашы жете электер", - деп билдирди Башкы прокуратура.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: