Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ кечээ, 13-октябрда коомдук талкууга коюлду.
Президентинин администрациясы иштеп чыккан мыйзам Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүүнү сунуштоодо. Анда мындай жаза балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана колдонулары жазылган.
Буга чейин өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган демилге коомдук талкуунун "Жарандардын сунушу" бөлүмүнө чыккан.Анда өлүм жазасын мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электердин өмүрүн кыйгандарга жана жыныстык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү менен адам өлтүргөндөргө колдонуу керектиги белгиленген.
Ал арада өлкө башчысы Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырмасын койгону маалым болгон.
Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемден окусаңыз болот.


