Ай менен Марс үчүн жасалган SpaceX ракетасы ийгиликтүү сыноо учуусун жасады
SpaceX компаниясы тарабынан жасалган Starship космостук кемесинин прототиби учурулгандан кийин 1 сааттан кийин Инд океанында ийгиликтүү конгонун компания расмий билдирүүсүндө маалымдады. Бул Starship кемесинин 11-сыноо учуусу, ал ийгиликтүү деп табылды.
Ракета Техастагы Starbase космодромунан жергиликтүү убакыт боюнча дүйшөмбү күнү саат 18:24тө учурулган. Учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин Super Heavy ыкчамдаткыч бөлүнүп чыгып, Мексика булуңуна ийгиликтүү конду.
Учуунун жүрүшүндө Starship болжол менен 1 сааттык сапарынын ичинде Starlink мини-спутниктеринин сегиз жасалма үлгүсүн космоско чыгарды.
Starship – бул адам ташуучу көп максаттуу космостук система катары иштелип чыгып жатат. Аны Жердин орбитасына, Айга, Марска жана башка алыскы асман телолоруна учуу үчүн, ошондой эле спутниктерди орбитага чыгаруу үчүн колдонуу пландалууда.
2025-жылдын март айында SpaceX негиздөөчүсү Илон Маск 2026-жылдын аягында Starship кемеси менен робот Optimus’ту Марска жөнөтүүнү пландап жатканын жарыялаган.
