super.kg logo

"Газа-болгону бир бөлүк". Трамп Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн биригүүгө чакырды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Газа секторундагы жаңжал боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Truth Social социалдык тармагында билдирүү жасап, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди биригип, бул ишти акырына чыгарууга чакырды.

"Газа — бул болгону бир бөлүк. Андан да маанилүүсү — Жакынкы Чыгыштагы тынчтык", — деп жазды ал.

Мындан тышкары Ак үйдүн башчысы өзүнүн бул тармакта жогору жетишкендиктерге жеткенин, көп иш аткарганын жана башкалар менен салыштыргыс тажрыйбага ээ болгонун белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 13-октябрда АКШ, Египет, Катар жана Түркиянын лидерлери Шарм-эш-Шейх шаарындагы саммитте Газа секторунда ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул келишим ортомчулардын катышуусу менен ишке ашты жана буга чейин Дональд Трамп сунуштаган 20 пункттан турган тынчтык планынын негизинде түзүлдү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: