Орусияда апасын карагандан тажаган кызы аны муунтуп салганы айтылууда
Нижний Новгород облусунун Бор шаарындагы жеке үйлөрдүн биринде үрөй учурган окуя болгон. Анда 52 жаштагы кызы карыган апасын муунтуп өлтүргөн. Апасы көптөн бери ооруп жүргөндүктөн, кызы аны карагысы келбеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 85 жаштагы апасы менен кызы эле жашачу. Пенсионер катуу ооруп, дайыма камкордукка муктаж болгон. Бул жумуштар кызынын моюнуна түшкөн. Апасын карагандан тажаган кызы аны муунтуп өлтүргөнү айтылууда.
Тергөө комитетине сурак берип жатканда аял чарчаганын айткан. 52 жаштагы аялга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү "Киши өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. Сот аны камакта калтырды.
Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга кызы ичкилик ичип, апасын кароодон көп жолу баш тартканын айтып жазышууда. Нижний Новгороддун тургундары трагедияны интернетте кызуу талкуулап жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















