super.kg logo

Мексикада катуу жамгыр жана тропикалык бороондон каза болгондор 64кө жетти

 

Мексикада катуу жамгыр жана тропикалык бороондор Присилла менен Реймонддун кесепетинен болгон селде каза болгондор 64кө, дайынсыз жоголгондор 65ке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, эң көп зыян көргөн штаттар – Веракрус, Пуэбла, Идальго, Керетаро жана Сан-Луис-Потоси.

Мексика президенти Клаудиа Шейнбаум басма сөз жыйында селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн топтор мобилизацияланганын айтты. Кийим-кече, гигиена буюмдары, таза суу жана тамак-аш жардамын жеткирүү үчүн жаңы топтор жөнөтүлгөн.

Мексика басылмаларынын маалыматы боюнча, соңку жылдардагы эң чоң селде болжол менен 250 миң адам жабыркаган, 50 миңден ашык турак жай зыянга учураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: