"Жашоосунда депрессия жана өзүнө ишенбестик менен көп күрөшкөн". Билли Айлиш жөнүндө фактылар
Көбүнчө кайгылуу ырларды ырдап, өспүрүмдөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган Билли Айлиш өзү жаш болсо да дүйнөгө таанылган аткаруучулардын бири.
Ал өзүнүн уникалдуу үнү, эмоционалдуу ыр тексттери жана өзгөчө стили менен айырмаланат. Анын ырларында көбүнчө жашоонун маңызы, тынчсыздануу, депрессия, сүйүү жана жалгыздык темалары камтылат. Ошондуктан анын чыгармалары көптөгөн жаштардын ички дүйнөсүнө жакын. Анын ар бир чыгармасы Ютубда миллиондогон, миллиарддаган көрүүлөрдү алат. Бул ирет өзүнүн уникалдуу үнү жана тембри менен таанымал ырчы тууралуу маалымат топтодук.
Балалыгы жана үй-бүлөсү
Билли Айлиш Пайрет Бэрд О’Коннелл (Billie Eilish Pirate Baird O’Connell) 2001-жылдын 18-декабрында АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Ал чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон. Ата-энеси — актёр жана музыкант Патрик О’Коннелл жана актриса, сценарист, вокал мугалими Мэгги Бэйрд.
Биллинин агасы — Финнеас О’Коннелл, музыкант, ырчы жана продюсер. Ал кийинчерээк Биллинин дээрлик бардык ырларынын жаралышына негизги роль ойногон. Үй-бүлө музыканы, өнөрдү жана чыгармачылыкты баалагандыктан, Билли кичинесинен эле чыгармачылык чөйрөгө аралашып өскөн. Кыз кадимки мектепке барган эмес — ата-энеси аны үйдөн окуткан. Бул ага өзүнүн кызыкчылыктарына көбүрөөк убакыт бөлүүгө жана эрте жашында эле музыка жазууга мүмкүндүк берген. Ал 8 жашында Лос-Анжелес балдар хоруна кирип, музыкалык билимдин негиздерин алат. 11 жашында өзүнүн биринчи ырларын жаза баштаган, ошол эле учурда агасы менен чогуу ар кандай музыкалык демо-запистерди жазып турган.
Музыкалык жолунун башталышы
Биллинин бир заматта эле белгилүү болуп кетүүсү күтүүсүз болду. 2015-жылы Финнеас өзүнүн жазган «Ocean Eyes» аттуу ырын Биллиге сунуш кылган. Ал ырды ырдап, үйүндө жаздырып, мугалимине жөнөткөн — хореография үчүн колдонулсун деп. Бирок ыр интернетке жүктөлгөндөн кийин SoundCloud платформасында тез арада популярдуу болуп кеткен. Бул ыр Биллиге музыкалык дүйнөнүн эшигин ачып, ал дароо эле көптөгөн компаниялардын көңүлүн бурган. Көп өтпөй ал Darkroom жана Interscope Records компаниялары менен келишим түзөт.
2017-жылы Билли өзүнүн биринчи мини-альбомун «Don’t Smile at Me» деген аталышта чыгарган. Бул альбомдогу ырлар дүйнө жүзү боюнча чоң ийгиликке жетип, аны жаңы муундун музыкалык үнү, ички дүйнөсүндөгү абалы катары көрсөттү.
2019-жылы Билли Айлиш өзүнүн биринчи студиялык альбомун – «When We All Fall Asleep, Where Do We Go?» деп чыгарды. Бул альбом дүйнө жүзү боюнча чарттардын эң башына чыккан жана 2019–2020-жылдары дүйнөдөгү эң көп угулган музыкалык альбомдордун бири болгон. Бул альбом Биллини өз доорунун эң жаш атактуу ырчыларынын катарына кошту.
Сыйлыктар жана жетишкендиктер
2020-жылы Билли Айлиш "Грэмми" (Grammy Awards) сыйлыгынын беш негизги номинациясын утуп, тарыхта мындай ийгиликке жеткен эң жаш артист болгон:
• «Жылдын альбому»
• «Жылдын ыры» (bad guy)
• «Жылдын жазуусу»
• «Эң мыкты жаңы артист»
• «Эң мыкты вокал альбому»
2022-жылы ал "Жеймс Бонд" тасмасы үчүн жазган «No Time To Die» ыры менен «Оскар», «Грэмми» жана «Золотой глобус» сыйлыктарынын ээси болгон.
Билли Айлиш жаныбарлар жакшы көрөт, аярлап турат, ошондуктан да ал эт жебейт. Муну менен катар айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолук жана аялдардын укуктары боюнча ачык позициясын билдирип келет.
Анын интервьюларында ал көп учурда психикалык ден соолуктун мааниси тууралуу сүйлөйт, анткени өзү жашоосунда депрессия жана өзүнө ишенбестик менен күрөшкөн.
Билли көп учурда үй-бүлөсү менен иштешет — агасы Финнеас ага негизги продюсер жана өнөктөш катары жардам берип келет. Алардын чыгармачылык байланышы — анын ийгилигинин негизги факторлорунун бири.
Айлиш дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандары үчүн кумир бойдон калууда.
2025-жылы ырчы "Hit Me Hard and Soft" альбомун колдоо максатында гастролун уланткан. Август айында Токиодо эки концертин койду. Андан кийин Америка Кошмо Штаттарын кыдырган.
Фактылар:
Билли интернеттеги көптөгөн божомолдорго карабастан, ал эч качан баңгизат колдонгон эместигин айтып келет. Жылдыз сергек жашоо образын карманып, үй-бүлөсү менен вегетариан.
Билли өзүнүн музыкалык клиптерин тартууда креативдүүлүктү кошконду жакшы көрөт. Мисалы, "Hit Me Hard and Soft" альбому үчүн ырчы тажрыйбалуу суучулдар менен бассейнде алты сааттан ашык убакыт өткөргөн, узак убакытка чейин дем алууну үйрөнүп, видеого тартылган.
2025-жылы Айлиш атактуу Met Gala үчүн тандаган кийими менен интернетте сынга алынган, мында атактуулардын кийимдери адаттагыдай эле талкуунун жана имитациянын предметине айланган. Чындыгында, Билли ал жерде болгон эмес. Ал учурда Европаны кыдырып жүргөн жана сүрөт нейрондук тармак аркылуу жасалганы маалым болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















