№24 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө №24 шайлоо округу боюнча парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого 6 жаран талапкерлигин койду. Алардын тизмеси:
Карыбек уулу Улукбек, 13.10.1990-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Орозбаев Мирлан Кубатбекович, 05.11.1981-жылы туулган, "Улуу Журт" Юридикалык компаниясында эмгектенет
Ибраймакунов Данияр Омурбекович, 08.08.1990-жылы туулган, Коргоо министрлигинин кызматкери
Акимбаева Гүлнара Орозбековна, 30.01.1971-жылы туулган, Башкы прокуратуранын улук прокурору
Каюмов Зулкайнар Каюмович, 03.05.1980-жылы туулган, “Каюм Ата Строй” ААКсынын директору
Эргешов Казыбек Кочкорович, 22.04.1969-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
№24 шайлоо округу - Бишкек шаары. Шайлоочулардын саны 134 миң 326. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Свердлов районундагы МТУ-301, 302, 303, 305, 308 жана Төмөнкү Ала-Арча айылындагы МТУ-304 кирген.
БШК парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

