super.kg logo

Financial Times: АКШ Украинага 50гө чейин Tomahawk ракетасын бере алат  

 

АКШ Украинага 20дан 50гө чейин Tomahawk ракеталарын бере алат. Бул тууралуу Financial Times гезитине Жаңы америкалык коопсуздук борборунун коргонуу маселелери боюнча директору Стейси Петтижон билдирген.

Анын айтымында, мындай сан "согуштун жүрүшүнө олуттуу таасир тийгизе албайт".

АКШда жалпы канча Tomahawk ракетасы бар экени так белгисиз, бирок мурдагы Пентагондун кызматкери, учурда Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда иштеген Марк Кэнсиан алардын саны болжол менен 4150 даана болушу мүмкүн деп эсептейт.

Financial Times басылмасы белгилегендей, бул ракеталар АКШга Венесуэла сыяктуу өлкөлөргө сокку берүү үчүн да керек болушу мүмкүн.

Эске салсак, 17-октябрда Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушат. Бул жолугушууда Киевге Tomahawk ракеталарын берүү маселеси да каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: