super.kg logo

Бишкекте метро курулабы же трамвай ишке киреби?

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде шаарга метро куруу кымбатка турарын билдирди.

Ал мындай пикир борбор калаанын башкы планын иштеп жаткан адистер менен кеңешилгенде айтылганын белгиледи. Мэрдин айтымында, метронун актай турган мөөнөтү да узак болот. Андыктан адистер трамвайды ишке киргизүүнү сунуш кылышкан.

Мэр травмайлар узак жолго жүргүзүлөрүн, автобустар кыска аралыктагы каттамдарга өзгөртүлөрүн тактады. Жунушалиев шаардын башкы планы ноябрь айында коомдук талкууга чыгарын, ал бекитилген соң тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Айта кетсек, Бишкектеги тыгынды чечүү үчүн шаарга монорельс, метро, тез жүрүүчү жеңил поезд куруу сунуштары айтылып келет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: