Ошто Арзыкулов көчөсү кеңейтилүүдө (фото)







Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Арзыкулов көчөсүндө жолду кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бул көчө Алымбек датка жана Курманжан датка көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Көчөдө дүкөн, ашкана жана жеке ишканалар жайгашкандыктан унаа тыгыны көп болуп келген. Айрыкча мындагы “Айданек” балдар бакчасынын ата-энелери үчүн ыңгайсыз болчу.
Көйгөйдү чечүү максатында жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү колго алынып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык лотоктор орнотулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:27
2025-10-14
16:57
2025-10-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.