Кара-Сууда жаңы пахта сортторун тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүү боюнча талаа күнү өттү











Бүгүн, 14-октябрда Кара-Суу районунда 2025-жылы пилоттук негизде Кытайдан алынып келген “Хунтай-6636”, “Хунтай-73” жана “Хунтай-Т115” сортторундагы пахтанын үрөндөрүн заманбап технология — тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу эгүү боюнча талаа күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытай компаниясынын адистери жана дыйкан-фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга жаңы пахта сортторунун өзгөчөлүктөрү, тамчылатып сугаруунун артыкчылыктары жана агротехникалык талаптар боюнча адистер тарабынан кеңири маалымат берилди. Ошондой эле суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду.
Ал эми Жоош айыл аймагынын Большевик айылында жайгашкан Кыргызстан Пахтачылык Тажрыйба Станциясынын талаасында жаңы сорттогу пахтаны жыйноо процесси көрсөтүлдү. Бул жолу пахта кол күчү менен эмес, атайын пахта жыйноочу комбайн аркылуу терилди. Азыркы учурда аталган үрөн чарбасынын талааларынан алдын ала гектарына 65-70 центнер түшүм алуу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын түшүмү үчүн Кытайдын “Хунтай” компаниясынан жалпы сегиз түрдүү пахта сорту алып келинип, лабораториялык анализден өткөндөн кийин үч сортуна — “Хунтай-6636”, “Хунтай-73” жана “Хунтай-Т115” — эгүүгө уруксат берилген. Бул сорттор учурда Араван жана Кара-Суу райондорунун жалпы 200 гектар жер аянтында өндүрүштүк сыноодон өтүп жатат. Жалпысынан 2025-жылы Ош облусу боюнча 3052,2 гектар жерге пахта эгилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:57
2025-10-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.