Депутаттар жана мурдагы министр. №26 шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздарын кабыл алууда. Бүгүнкү күнгө карата №26 шайлоо округу боюнча төрт талапкер катталды. Алардын тизмеси:
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович, 13.01.1960-жылы туулган, КММАнын Пропедевтикалык хирургия кафедрасынын башчысы

Абакиров Элдар Курманбекович, 14.04.1981-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты

Кожомкулов Фархат Айбекович, 13.11.1989-жылы, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы

Исаева Джамиля Кубанычбековна, 19.07.1977-жылы, Жогорку Кеңештин депутаты

Эскерте кетсек, бул тизме жаңыланып турат.
№26 шайлоо округу - Токмок шаары. Шайлоочулардын саны 132 миң 142. Шайлоо округуна Токмок шаары, Чүй жана Кемин району толук кошулган.
Шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Ал эми БШК талапкерлердин арыздарын 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















