super.kg logo

2026-жылы 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргызстанда өтөт

 
2026-жылы 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалым болгондой, Алагөзов Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолуккан.
Жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланган.
"27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагы тууралуу да пикир алмаштык. Аталган конкурс дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген операторлор менен журналисттердин мыкты жаңылык видеолору бааланган ири эл аралык медиа иш-чара. Өткөн жылы ал Бакуда, быйыл Анкарада, ал эми кийинки, 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргызстанда өтөт", -деп жазды ал.
Алагөзов кошумчалагандай, мындай жолугушуулар жана долбоорлор түрк дүйнөсүнүн медиа тармагындагы байланышты чыңдап, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот.
Сынактын шарттары, жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: