МИК өлкө аймагы боюнча 70 миңден ашык батир куруп жатат
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкө аймагы боюнча 70 миң 850 батир курулуп жатат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эң көп Бишкек шаарында курулууда.
"Борбор калаада 19 миң 53 батирдин курулушу жүрүп жатат. Мунун ичинде жарандарга берилген батирлер да бар. Чүйдө 18 миң 435, Жалал-Абадда 13 миң 306, Ысык-Көлдө 7381, Нарында 433, Таласта 724, Ошто 7402 жана Баткенде 4116 батирдин курулушу жүрүп жатат", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:27
2025-10-14
16:57
2025-10-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.