super.kg logo

"Үчүнчүсү арзан ипотека". МИКтен 25 жылдык батирлер кандай багыттар менен берилет? (видео)

 

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева "Биринчи радиого" курган маегинде МИК тарабынан батирлер кандай багыттар менен бериле турганына токтолду.

Анын айтымында, жаран алдын ала төлөм бербестен 25 жылга 4 же 8 пайыз менен алса болот жана батирдин жарымын төлөө жолу аркылуу 15 жылга 8 пайыздык чен менен ала алат. Тотубаева биринчи механизм өз ичинен 3 багытка бөлүнөрүн белгиледи.

"Биринчиси, калктын аярлуу катмарлары үчүн социалдык ипотека. Буга жалгыз бой энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, айылда иштеген 35 жашка чейинки жаш адистер жана баатыр энелер катыша алат. Экинчиси, жеңилдетилген ипотека. Мында жалпы бюджеттик тармакта иштеген жарандар катыша алат. Бул эки багыттын батир берүү шарттары окшош. 25 жылга алдын ала төлөмү жок, 4 пайыз менен берилет.

Үчүнчүсү арзан ипотека. Буга жеке тармакта расмий иштеген жарандар катышса болот. Мында да алдын ала төлөмү жок, 25 жылга 8 пайыз менен берилет", - деди ал.

Тотубаева ошондой эле алдын ала төлөмсүз берилчү батирлерди алууда эмгек тажыйырбасы, үйгө болгон муктаждыгы караларын, ал эми үлүштүк батир алууда бир гана акыркы 3 жылда үй алып-сатуу келиши болбошу керек деген шарт бар экенин кошумчалады.






МИКтен 25 жылга берилчү батирлдерди кандай багыттар менен алса болот?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: