Жогорку Кеңешке шайлоо: №29 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси






Бүгүнкү күнгө карата параламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №29 шайлоо округу боюнча 6 жаран талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында көрсөтүлөт.
№29 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
- Абдыжапарова Нурбубу, 13.02.1957-жылы туулган, "Маатсаж" Коомдук фондунун негиздөөчүсү
- Сапаров Жакшылык Каракойчиевич, 19.04.1982-жылы туулган, Айылдык кеңештин депутаты
- Куручбеков Аскарбек Бактыбекович 13.09.1991-жылы туулган, «ДОСОЙ ГРУПП» ЖЧКсынын аткаруучу директору
- Кулбараков Абтандил Илдузович 21.09.1961-жылы туулган, “Арпа”ААКнын коммерциалык директору
- Жамгырчиев Эмил Эрикович (ред., бүгүн баш тартканын билдирди) 12.03.1982-жылы туулган, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ
- Белеков Адилет Чолпонбекович 08.07.1991 “Белек Агро” фермердик чарбасы
№29 шайлоо округу Кочкор айылы. Шайлоочулардын саны 138 миң 152. Шайлоо округуна Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Нарындын Кочкор жана Жумгал райондору, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району толук кошулган.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Ал эми БШК талапкерлердин арыздарын 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-10-14
Рейтинг:
0

