Токаев Казакстандын Конституциясынын 40ка жакын беренеси өзгөртүлө турганын айтты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Конституциясынын 40тай беренесине өзгөртүү киргизилерин билдирди. Бул тууралуу ал Парламенттик реформалар боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйынында айтканын казак басылмалары жазышты.
"Өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын 40тай беренесине тиешелүү болот. Андан соң жок дегенде 10 конституциялык мыйзамды жана 50дөн ашуун кодекс менен мыйзамдарды жаңы шарттарга ылайыкташтыруу керек. Бул жараян, негизи, жаңы Конституция кабыл алууга тете", — деди Токаев.
Мунун алдында Токаев Казакстан парламентинин түзүмүн өзгөртүп, аны бир палаталуу кылуу сунушун киргизген. Анын айтымында, бул маселе Конституцияга өзгөртүү аркылуу референдум менен чечилиши керек, ал 2027-жылы өтүшү мүмкүн.
Ошондой эле быйыл август айында Токаев өлкөдө "үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасы жок болгонун" жарыялаган. Анын айтуусунда, өлкөдөгү кеңири реформалардын натыйжасында мыйзамдуулук жана тартипке болгон урмат өзгөрүлгүс принципке айланып баратат.
