Ак-Ордодогу кандуу окуянын бардык жагдайлары. ИИМ видео жарыялады
Бүгүн, 14-октябрда ИИМ Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда 2 бир туугандын өмүрүн кыюуга шектелип кармалган 19 жаштагы жигиттин өлтүрүлүшү боюнча жагдайларды ачыктады. Министрлик жарыялаган видеодо шектүүнүн кармалгандан баштап өлтүрүлүшүнө чейинки окуялар камтылган.
Буга чейин ИИМ ал качуу учурунда жок кылынганын билдирип, бирок ал кандай жагдайда качканын ачыктай элек болчу.
Видеодо айтылгандай, ал Караколдон Бишкекке алынып келе жатканда Кемин туштан ажатканага суранып, натыйжада качууга аракет кылган. Мындан улам милиция курал колдонгон. Окуя түндө болгон. Шектүүнү Караколго тергөө жүргүзүү үчүн алып барышкан.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.
ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган.
Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалган учурундагы тасмаларды жарыялап, анын көрсөтмө бергенин билдирди.
Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасаган. 9-октябрда шектүү жаран эки айга камакка алынган.
Ак-Ордодогу кандуу окуянын жагдайлары. ИИМ видео жарыялады
