super.kg logo

Мамдуманын төрагасы Орусиядан 8 айда 35 миң мигрант чыгарылганын билдирди

 

5-февралдан бери миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңге жакын чет элдик жаран Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин орус басылмалары жазышууда.

Анын айтымында, көзөмөлгө алынган мигранттардын реестри ишке киргенден кийин мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны 1-сентябрга карата 770 миң адамга жеткен. Алардын үчтөн бири аялдар жана балдар.

Володин мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн өз эрки менен чыгып кетиши керектигин эскертип, чыгуу датасын, багытын жана жайын алдын ала билдирүүнү талап кылды. Болбосо алар депортацияланып, 5 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынат.

11-октябрдан тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттарга үйлөнүүгө, ажырашууга, балдарын мектеп же бала бакчага жайгаштырууга, айдоочулук күбөлүк алууга, автоунаа башкарууга жана банктык эсеп ачууга тыюу салынды.

Мындан тышкары Володин эмгек мигранттарын үй-бүлөсүн Орусияга алып келбөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: