Бишкекте жаңы стадионго "Азаттык Арена", конгресс-холлго "Ырыс Ордо" аталышы берилди

Маалым болгондой, жыйында, Бишкекте курулуп жаткан эки ири объект расмий аталыштарын алгандыгы маалым болду. 51 миң орундуу жаңы стадион "Азаттык Арена", ал эми заманбап Конгресс-холл "Ырыс Ордо" деп аталмай болду.
“Курулуп жаткан объектилердин аталышын урматтуу президентибиз менен талкуулап кеңешкенден кийин чечтик”, - деди Каныбек Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусу бул чечимди өлкө тарыхындагы маанилүү окуя катары сыпаттап, мындай ири долбоорлор биринчи жолу ишке ашып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы курулуштар эркиндикти, берекени жана жаңыланууну чагылдырган символдор болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга кызмат кылат деп баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

