super.kg logo

Сириянын президенти Ахмед аш-Шаранын Москвага келери күтүлүүдө

 

15-октябрда Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шара Орусиянын борбору Москвага расмий сапары менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Al Hadath телеканалы өзүнүн дипломатиялык булактарына таянып кабар таратты.

Мааылм болгондой, бул сапар Сириядагы акыркы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин жасалып жаткан эң ири эл аралык дипломатиялык кадамдардын бири. Ал сириялык убактылуу бийликтин аймактык жана эл аралык легитимдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган кадам катары каралууда.

Белгилей кетсек, сириялык оппозиция 2024-жылдын 8-декабрында Дамаскты көзөмөлгө алып, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алган. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.

Бул арада Сириянын мурунку президенти Башар Асадды Москвада ууландыруу аракети болгону айтылган. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маалыматты төгүндөдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: