super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШ Венесуэла жээгине жакын жайгашкан кемеге сокку урду

 

АКШ Венесуэла жээгинде жайгашкан маңзат ташуучу жана террорчулук менен байланыштуу болгон кемеге сокку жасады. Бул операция Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин буйругу менен жүргүзүлгөн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирди.

Трамптын айтымында, чалгындоо кызматы бул кеме маңзат ташып бара жатканын жана ал мыйзамсыз наркотеррордук тармактарга тиешелүү экенин тастыктаган. Ал эл аралык сууларда жок кылынган. Сокку натыйжасында кемеде жүргөн алты адам жок кылынган, ал эми АКШ күчтөрү жоготууга учураган эмес.

2025-жылдын август айында New York Times басылмасы Трамп Пентагонго Латын Америкасындагы маңзат картелдерине каршы аскердик күч колдонууга уруксат берген жашыруун буйрукка кол койгонун жазган. Андан кийин АКШ Венесуэла жээктерине 4,5 миң аскери менен жети кеме жөнөткөн. Бул кадамга жооп кылып, Венесуэла президенти Николас Мадуро улуттук мобилизация жарыялаган.

Сентябрдан тарта АКШ Венесуэлага тиешелүү деңиз кемелерине ракета соккуларын ура баштаган. Октябрдын башында дагы бир кеме эл аралык сууларда жок кылынган. АКШ бийлиги Венесуэладагы маңзат картелдерин "далилденген наркотеррористтер" деп атап, аларды АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына коркунуч катары мүнөздөгөн.

Венесуэла БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, АКШнын аракеттерине кийлигишүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: