Ички иштер министри Абдулда Суранчиев жан сакчысы жок экенин айтты
“Ата Журт” фракциясынын 17-январдагы жыйынында
депутаттар шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчыларынын жүрүм-турумун сынга
алышты. Депутат Кантемир Мурзабековдун айтымында, шаардык милиция
башкармалыгынын жетекчилери дайыма жан сакчылар менен жүрүшөт. “Эмне биздин өлкөдө согуштук кырдаалбы? Алардын коопсуздугун күчөтүүгө эмне зарылчылык чыкты? Алтургай ички иштер министри жан сакчысыз жүрөт",- дейт депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Ички иштер министри Абдулда Суранчиев “сиз Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаевди айтып жатат окшойсуз. Бул маселе боюнча аны менен сүйлөшкөм. Башкалары жан сакчысыз эле жүрүшөт”,- деп жооп берди.
Министр чын эле жан сакчысыз жүрөрүн ырастады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
-1

