super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытай АКШ менен соода согушуна даяр экенин билдирди

 

Кытай АКШ менен соода согушуна даяр, бирок сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык бойдон каларын Вашингтондогу Кытай элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй билдирди. Ал Кытайдын позициясы өзгөрбөй турганын белгилеп, "эгер күрөш болсо - күрөшөбүз, эгер сүйлөшүү болсо - эшик ачык" деп айтты.

Дипломат АКШны Кытай менен диалог жүргүзүүгө чакырып, бирок ошол эле учурда бажы төлөмдөрү менен коркутууну туура эмес ыкма деп сынга алды. Ал эки өлкө өз ара тынчтыкта сүйлөшүп, чыңалууну эмес, туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Буга чейин Дональд Трамп 1-ноябрдан тарта Кытай товарларына 100 пайыз бажы төлөмү киргизерин билдирген. Бирок АКШнын каржы министри Скотт Бессент жаңы төлөмдөрдү кийинкиге калтырып, эки өлкөнүн лидерлерине жолугушууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. Ал эми Кытай жооп иретинде америкалык кемелерден атайын порттук жыйым ала баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: