super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ооганстан менен Пакистандын чек арасында кайрадан аскердик кагылышуу болду

 

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында Пакистан чек арасы менен жакын жерде талибдер менен пакистандык чек арачылардын ортосунда кагылышуу болду. Бул тууралуу Tolo News басылмасы жазды.

Маалым болгондой, аткылоонун үнү алыстан угулуп, эки тарап тең оор куралдарды колдонушкан.

Daily Pakistan басылмасы болсо Пакистандын куралдуу күчтөрү Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Куррам округундагы талибдердин кол салуусуна жооп катары Оганстандын аймагына сокку урганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңжал талибдер менен "Фитна аль-Хаваридж" тобунун ("Пакистандык талибдер кыймылы" деген ат менен белгилүү) мүчөлөрү Пакистан чек ара бекеттеринде себепсиз жаңжал башташкандан кийин күчөгөн.

Пакистан армиясынын огунан талибдердин бекеттерине чоң зыян келтирилген, бекеттерде өрт чыгып, бир танк жок кылынган.

9-октябрда Ооганстандын борбору Кабулда жарылуулар угулуп, андан кийин Ооган өкмөтү Пакистанды Марг жана Кабулдагы жарылуулар үчүн айыптаган. 11-октябрда Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы Пактия провинциясында кагылышуу болгон.

Ооган өкмөтү билдиргендей, чек арадагы жаңжалда 58 пакистандык аскер каза болуп, 30у жаракат алган, көп санда курал-жарак жана жабдуулар ооган чек арачыларынын колуна өткөн. Ооган өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мужахид кагылышууда 9 ооган аскери каза болгонун айткан. Анын айтымында, кагылышуулар Катар менен Сауд Арабиясынын арачылыгы менен токтотулган.

Пакистан армиясы болсо ооган чек арачылары менен болгон жаңжалда 23 пакистандык аскер каза болгонун, 29у жаракат алганын, ошондой эле ооган өкмөтү менен байланыштуу 200дөн ашык "террорист" жок кылынганын кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: