super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мессинин Испаниядагы мүлкүндө мыйзам бузуулар аныкталды

 

Испаниядагы Ибица аралынын бийлиги футбол жылдызы Лионель Мессинин 2022-жылы 11 миллион еврого сатылып алынган люкс вилласын иликтөөнү баштаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, аталган объект аралдагы өзгөчө корголуучу жаратылыш зонасында жайгашкан. Ал жерде курулуш иштерине чектөөлөр коюлган. Объектти текшерүүдө жертөлөсүндө уруксат берилбеген жайлар, анын ичинде гараж жана баштапкы пландарга кирбеген кошумча бөлмөлөр табылган.

Бул мыйзам бузуулардан улам муниципалитет расмий түрдө вилланы жашоого таптакыр жараксыз деп тапкан. Футболчуга жакын булактардын айтымында, бардык мыйзамсыз иштерди мурунку кожоюну жүргүзгөн. Месси сатып алуу учурунда аны билген эмес. Бирок испан бийликтери мыйзам бузууларды олуттуу деп атап, аларга чара көрүүнү талап кылууда. Антпесе вилла жарым-жартылай бузулушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: