Трамп БРИКСтин аякташын жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп БРИКС уюмунун аяктаганын жарыялады. Анын айтымында, уюмга мүчө болгон өлкөлөр АКШ бардык БРИКС мамлекеттеринен келүүчү товарларга бажы төлөмдөрүн киргизерин эскерткенден кийин уюмдан чыга баштаган.
"Мен баарына айттым: БРИКСке кошулгуңар келгени жакшы, бирок биз силердин өлкөгө бажы салыгын киргизебиз дегенде алардын баары чыгып кетишти. БРИКС — бул долларга каршы аракет болгон. Мен айттым: эгер бул оюнду ойной берсеңер, силердин бардык товарларыңарга бажы салыгын салам дедим. Натыйжада алар "БРИКСтен чыгабыз" деп жооп беришти", - деди Трамп Аргентина президенти Хавьер Милей менен Ак үйдөгү жолугушууда.
Эске салсак, Трамп буга чейин "антиамерикалык" саясат жүргүзгөн ар бир өлкөгө 10 пайыздык кошумча бажы салыгы киргизилерин билдирген. БРИКС башында Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган. 2024-жылы ага Египет, БАЭ, Эфиопия жана Иран кошулуп, 2025-жылдан тарта Индонезия да мүчө болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















