Түштүк Корея биринчи жарандык ядролук бункерин спорт залдын астына орнотот
Сеул бийлиги өлкөнүн биринчи жарандык ядролук бункерин курууга даярданууда. 2028-жылга бүткөрүү пландалып жаткан бул объект мүмкүн болгон кол салуу учурунда миңден ашык адамга эки жума бою жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, жаңы бункер Сеулдагы турак жай комплекси менен бирге курулуп, ошондой эле калкка ачык спорт залы катары да кызмат кылат. Бункерде өзүнчө вентиляция, таза суу сактоо жана таштандыларды башкаруу системалары орнотулат, бул анын ядролук, химиялык же биологиялык коркунуч учурунда эки жума бою колдонулушуна мүмкүндүк берет.
"Азыркы коркунучтар мурункулардан айырмаланат, ошондуктан жарандык коргонуу бункерлеринин функционалын кеңейтүүнү максат кылып жатабыз. Бул долбоор калкты жакшыраак коргоо жана Сеулдун коопсуздук системасын күчөтүү багытында жаңы кадам болот", - деп билдирди жергиликтүү бийлик өкүлү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















