super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БУУ: "2025-жылы дүйнөлүк гуманитардык муктаждыктардын 21 пайызы гана чогултулган"

 

Бириккен Улуттар Уюму 2025-жылы глобалдык гуманитардык муктаждыктар үчүн 45,3 миллиард долларлык жардам чакырыгынын сентябрь айынын аягына чейин болгону 21 пайызы гана (9,6 миллиард доллары) алынганын билдирди. БУУнун башкы катчысынын орун басары Фархан Хак күндөлүк маалымат жыйында билдиргендей, жылдын аягына үч ай калганда, глобалдык гуманитардык муктаждыктардын төрттөн биринен азы гана каржыланган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 40 пайыздан ашык төмөндөгөнү белгиленди. Хак фонддун жетишсиздиги миллиондогон адамдарга олуттуу кесепеттерди алып келерин, адамдар медициналык кызматтардан, үй-бүлөлөр тамак-аштан жана балдар билим алуудан ажырап калганын белгиледи.

Ал ошондой эле буга байланыштуу Ооганстанда быйыл 420дан ашык саламаттык сактоо мекемелери жабылганын, Сомалиде августта 1,1 миллион адамга азык жардам берилсе, ноябрда бул сан 350 миңге түшөрүн, Бангладеште жарым миллион балдар билим алуудан ажырап калганын мисал кылып, гуманитардык жардамды көбөйтүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: