8 айлык боюнда бар аял... Айсулууну өлтүрүүгө шектелген адамдын буга чейинки кылмыштары айтылды
17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектелген Кумарбек аттуу жарандын буга чейинки кылмыштары тууралуу ЭлТР телеканалынын материалы чыкты. Анда шектүүнүн 2015-жылы да башка кызды өлтүрүүгө аракет кылганы айтылды.
Маалым болгондой, Кумарбек такси кызматын көрсөтүп жүргөн кезинде бир кызды жеткирип бара жатып, бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылган.
2015-жылы жабырлануучу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Ал кармалып, "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" фактысы менен иш козголгон. Ал иш Октябрь райондук сотуна жөнөтүлүп, 2016-жылы ал 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилген.
Кумарбек 2018-жылы Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 20-апрелиндеги токтомунун негизинде 2 жыл 17 күн болгон өтөлбөгөн мөөнөтү менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө №12 жатак абактан бошотулган. Андан соң амнистияга илинип, эркиндикке чыгып кеткен.
Материалда шектүүнүн ага чейинки да кылмыштары тууралуу айтылган.
Маалым болгондой, 2014-жылдын 13-мартында Биринчи май РИИБине Бишкек шаарындагы Раззаков көчөсү, 3 дарегинин жанында жашы 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Анда 22 жаштагы М.С. аттуу кыздын алгач зордукталып, андан соң тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бирок кылмышкер табылган эмес.
Ал эми шектүү катары кармалган Кумарбек каза болгон кызды кандайча өлтүргөнүн тергөө учурунда жеринде көрсөтүп берген.
Ошондой эле 2011-жылы 14-март күнү Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагындагы айдоо талаасында белгисиз аялдын сөөгү табылган. Ал ошол жылдын 12-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн 1989-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран экени аныкталган. Ал да зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Ошол учурда каза болгон аялдын 8 айлык боюнда болгон.
Шектүү бул кылмышы тууралуу да айтып берген.
Айсулууну өлтүрүүгө шектелген адамдын буга чейинки кылмыштары айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















