super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда өлтүрүлгөн активист Кирк тууралуу билдирүүлөрү үчүн 6 чет элдиктин визасын жокко чыгарылды

 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 10-сентябрда кол салуудан каза тапкан республикачыл активист Чарли Киркке байланыштуу социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн 6 чет элдиктин визасын жокко чыгарганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул адамдар Аргентина, Түштүк Африка, Мексика, Бразилия, Германия жана Парагвай жарандары экени маалымдалды. Департаменттин билдирүүсүндө, визасы жокко чыгарылган адамдар Киркке кол салууну "майрамдаган" постторду жайылтканы үчүн жоопко тартылганы айтылды.

Ошондой эле Киркке байланыштуу билдирүүлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөп жатканын белгилешти. Коргоо министри Пит Хегсетт жай адамдар жана аскер кызматкерлеринин Кирктин өлүмүн майрамдаганын байкап, керектүү чараларды жасай турганын билдирген.

Эске салсак, Чарли Кирк 10-сентябрда Юта Вэлли университетиндеги иш-чарада кол салууга кабылып, ок тийип каза тапкан. Ал Дональд Трампты колдогон активист жана "Turning Point USA" уюмунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: