Трамп Кытайды тамак-аш майы соодасын токтотуу менен коркутту
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын АКШдан атайылап соя сатып албаганы "экономикалык жактан кастык" экенин айтып, буга жооп катары Кытай менен тамак-аш майы соодасын токтотууну караштырып жатканын билдирди. Трамп бул тууралуу АКШда жайгашкан Truth Social социалдык тармгындагы баракчасында бөлүштү.
Трамп Кытайдын АКШнын соясын "атайылап" сатып албай, соя фермерлерин кыйын абалга кептегенин "экономикалык жактан кастык" деп атады.
"Жооп катары биз Кытай менен тамак-аш майы жана сооданын башка элементтери боюнча ишкердик мамилелерибизди токтотууну караштырып жатабыз. Мисалы, биз тамак-аш майын өзүбүз оңой эле өндүрө алабыз, Кытайдан сатып алуунун кереги жок", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















