super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БУУ Газада жарылбай калган ок-дарылар чоң коркунуч жарата турганын эскертти

 

Бириккен Улуттар Уюму Газада ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден кийин үйлөрүнө кайтып жаткан жарандар жана жардам көрсөтүп жаткан кызматкерлер жарылбай калган ок-дарылардан улам жогорку коркунучта экенин эскертти. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында сүйлөдү.

"Ок атышуу токтотулгандан кийин жүз миңдеген жер которгон адамдар жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан кызматкерлер жабыркаган аймактардан өтүп жатканда согуштун өлүмгө дуушар кылуучу калдыктарына туш болуу коркунучу жогору", - деди ал.

Хак UNMAS жана анын өнөктөштөрү Газадагы гуманитардык жардамдын көлөмүн кеңейтүү максатында жарылуучу ок-дарылардын коркунучун азайтуу үчүн иштеп жатканын белгилеп, UNMAS 2023-жылдын октябрь айынан бери аймактарда 550дөн ашык жарылуучу ок-дарыларды аныктаганын билдирди.

"Бирок Газадагы жарылбай калган ок-дарылардын толук көлөмү азырынча белгисиз", - деди Хак.

Бул боюнча UNMAS жана анын өнөктөштөрү Газада, өзгөчө балдарга, гуманитардык жардам таратуучуларга жана урандылардын арасында иштеген жумушчуларга билим берүүнү улантып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: