super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Hurriyet: Түркия Газа боюнча тынчтык келишиминин документине өзгөртүүлөрдү киргизди

 

Түркия Газа боюнча тынчтык келишиминин документине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Газа секторундагы жаңжалды токтотууга байланыштуу келишим боюнча АКШ, Түркия, Египет жана Катар лидерлери кол койгон документтин тексти акыркы мүнөттөргө чейин талкууланган.

13-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданга документ даяр экени айтылган. Бирок андан соң документтеги бир сөздөн улам кризис чыккан.

Түркиянын талап кылуусу менен ал сөз тексттен алып салынып, анын ордуна башка, Түркия сунуштаган "туура" сөз кошулган. Бирок кайсы сөз тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган эмес.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоого жетишилген. Ал эми 13-октябрда АКШ, Египет, Катар жана Түркия ортомчу өлкөлөр катары Газа боюнча конфликтти токтотуу келишимине кол коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: