super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Пакистан менен Ооганстандын чек арасында болгон кагылышууда 10дон ашык адам каза болду

 

Ооганстан менен Пакистан чек арасында болгон кагылышууларда кеминде 15 адам көз жумуп, 100дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Куралдуу жаңжал Түштүк Ооганстандын Кандагар провинциясына караштуу Спинбулдак районунда түн ичинде башталган. Райондук ооруканада иштеген дарыгердин айтымында, жаракат алгандардын арасында 80ден ашык аялдар жана балдар бар.

Ооганстандын жогорку лидеринин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид билдиргендей, Пакистан ооган аймагын артиллерия менен аткылаган. Анын айтымында, буга жооп катары ооган күчтөрү “Пакистан тараптын бир топ аскерлерин жок кылып”, алардын айрым чек ара постторун, аскердик техникасын, анын ичинде танктарын да басып алышкан.

Өткөн дем алыш күндөрү Кабул бийлиги Пакистандын бир нече аскердик посттору соккуга алынганын жана 58 пакистандык аскер жок кылынганын билдирген.

Пакистан армиясы болсо 23 аскеринин каза болгонун жана 200дөн ашык талибдер жана аларга байланышы бар "террористтердин" жок кылынганын жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: