super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жөтөлгө каршы индиялык сироптордун балдардын өлүмүнө себеп болуп жатканы айтылды

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индияда чыгарылган айрым суюк дарыларга байланыштуу эскертүү жарыялады.

Маалым болгондой, бул каражаттардан адам өмүрүнө коркунуч жараткан уулуу зат диэтиленгликоль табылган. Индиянын Дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө борбордук уюму бул зат үч түрдүү пероралдык суюк дарыда аныкталганын билдирген. Бул маалымат 17 бала каза болгон окуядан кийин белгилүү болгон.

Кооптуу деп табылган дарылардын арасында Coldrif (Sresan Pharmaceutical), Respifresh TR (Rednex Pharmaceuticals) жана ReLife (Shape Pharma) дарылары бар.

Индиянын бийлиги бул дарыларды чыгарууну токтотуп, аларга берилген уруксаттарды убактылуу жокко чыгарганын билдирди. Ошондой эле Оорулардын көзөмөлү жана алдын алуу боюнча комиссия бул дарылар башка өлкөлөргө экспорттолбогонун айтты.

Бирок уюм дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге бул препараттардын тарашы мүмкүн экенин, буга байланыштуу дары жеткирүү чынжырларын текшерүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырууда. Өзгөчө расмий эмес сатылып жаткан дарылар боюнча көзөмөл зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле ар бир өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелери жана укук коргоо органдары бул дарыларды табышса, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун дароо кабардар кылууга милдеттүү.

Эске сала кетсек, октябрь айынын башында Индиянын Мадхья-Прадеш штатында Coldrif сиробун ичкенден кийин 5 жашка чейинки 17 бала каза болгон. Мындан улам Sresan Pharmaceutical компаниясынын ээси камакка алынган.

2022–2023-жылдары Өзбекстанда да Индиянын Marion Biotech фармкомпаниясы чыгарган сасык тумоо дарыларын ичкен балдар массалык түрдө ооруканага жаткырылып, 68 бала көз жумганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: