Meta: Instagram платформасындагы өспүрүмдөрдүн аккаунттарына жаңы эрежелер кирет
Instagram өспүрүмдөрдүн аккаунттары үчүн PG-13 жаштык рейтингин киргизди. Бул 13 жашка чейинки балдарга кээ бир контентти ата-энесинин коштоосуз көрбөөнү сунуш кылат жана 18 жашка чейинки колдонуучулар автоматтык түрдө "13+" режимине которулат. Бул тууралуу Meta компаниясынын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жаңыланган эрежелер боюнча өспүрүмдөр жашына туура келбеген контентти көрө албайт, жактыруу баса албайт, комментарий жазуу же жеке кат аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Контентте цензурага туура келбеген сөздөр, кооптуу трюктар же зыяндуу жүрүм-турумду үгүттөгөн материалдар жаштар үчүн жашыруун болот.
"Кээ бир өспүрүмдөр чектөөлөрдү айланып өтүүгө аракет кыларын түшүнүп жатабыз, ошондуктан жашын болжолдоо технологиясын колдонуп, туура эмес жашты көрсөткөндөргө да коргоо ишке киргизилет", - деп жазылган билдирүүдө.
Жасалма интеллект да PG-13 режиминде иштеп, жооптору жашка ылайыктуу болот. Жаңылануу кечээ, 14-октябрда АКШ, Британия, Австралия жана Канададагы өспүрүмдөрдүн аккаунттарына киргизилип, жыл аягына чейин дүйнө жүзү боюнча жайылтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















