Арменияда алты дин кызматкери кармалды
Армян апостол чиркөөсүнүн Арагацотн епархиясынын алты дин кызматкери укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Sputnik Арменияга адвокат Ара Зограбян билдирди.
Анын айтымында, учурда Тергөө комитетинде төмөнкү Парен Аракелян, Манук Зейналян, Айк Саакян, Гевонд Гапоян жана Мкртич Еранян кармалган. Ошондой эле укук коргоочулар епископ Мкртыч Прошян менен бирге бир нече адамды да кармашканын билдиришти.
Бирок епископ Мкртыч Прошяндын кайда экени белгисиз. Адвокаттын айтымында, тергөө тобунун жетекчиси да анын азыр кайда экенин билбейт. Укук коргоо органдары бул боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек.
Panorama.am басылмасына адвокат Марина Фарманян билдиргендей, епископтун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин аны автоунаага отургузуп, Тергөө комитетине алып кетишмекчи болушкан. Бирок жарым саат өтсө да, ал жерге жеткирилгени белгисиз.
Эске салсак, июнь айынын аягында Ереванда Армян апостолдук чиркөөсүнүн эки архиепискобу кармалган. Ширак епархиясынын башчысы архиепископ Микаэл Аджапахян бийликти басып алуу чакырыктары үчүн айыпталса, "Кудуреттүү күрөш" протесттик кыймылынын лидери архиепископ Баграт Галстанян "террордук аракеттерди пландаштыруу жана бийликти басып алуу" айыптары менен кармалган. Архиепископтордон сырткары дагы 15 адам камакка алынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















