super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жапония тарыхында биринчи аял премьер-министр шайланышы мүмкүн

 

Жапония жаңы премьер-министрин 21-октябрда шайлайт. Бул тууралуу өлкөнүн башкы катчысы Йосимаса Хаяши маалымдаганын, чет элдик басылмалар жазышууда.

Учурда бийликтеги Либералдык-демократиялык партия премьер-министрлик кызматка өзүнүн жаңы шайланган лидери — Санаэ Такайчини талапкер кылып көрсөтүүнү пландап жатат. Эгер ал жеңип чыкса, Такайчи Жапония тарыхындагы алгачкы аял премьер-министр болуп калмакчы.

Саясий эксперттердин баамында, шайлоонун жыйынтыгы бул жолу анчейин алдын ала айтылгыс. Себеби, башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон Комэйто партиясы ЛДП менен кызматташтыктан чыгып кеткен. Мындан улам өлкөдөгү саясий туруктуулук солгундап, оппозиция үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк жаралууда.

Оппозициялык партиялар азыркы тапта бирдиктүү талапкер аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым. Бул макулдашуу ишке ашса, ЛДПнын 2012-жылдан бери уланып келген бийлигине олуттуу коркунуч жаралышы мүмкүн.

Санаэ Такайчи болсо, шайлоодо жеңип чыкса, экономикалык өсүштү жандандырууну негизги максат катары коюп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: