super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Песков: "Трамп Путинди туулган күнү менен куттуктаган эмес"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаган эмес. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Путин 7-октябрда 73 жашка толду. Кремлдин маалыматына караганда, туулган күнүнө карата Орусия президентине чет мамлекеттердин башчыларынан жана өкмөттөрүнөн көптөгөн куттуктоолор келген.

Буга чейин Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен жакшы мамиледе экенин билдирген.

"Менин Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилем абдан жакшы. Бирок ал жөн гана бул согушту токтоткусу келбейт", - деп билдирген Трамп кечээ, 14-октябрда Аргентинанын президенти Хавьер Милей менен болгон жолугушууда.

Белгилей кетсек, 16-августта Аляскада Трамп менен Путин жолугушкан. Анда лидерлер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: