НАТО абадан коргонуу чараларын күчөтүү маселесин талкуулоодо
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдиргендей, Брюсселде өтүп жаткан коргонуу министрлеринин жыйынынын негизги темасы – Альянстын абадан коргонуу системасын бекемдөө жана Украинаны бул багытта колдоо маселеси болду. Ал акыркы апталарда дрондор тарабынан аба мейкиндигинин бузулушу көбөйгөнүн белгилеп, бул коркунучка каршы чаралар талкууланарын айтты.
Жыйында ошондой эле июнь айында Гаагада кабыл алынган коргонуу чыгымдарын көбөйтүү жана Украинаны колдоону улантуу боюнча чечимдердин аткарылышы каралууда. Рютте "Украинанын артыкчылыктуу муктаждыктарынын тизмеси" программасы аркылуу АКШ жана өнөктөш өлкөлөр Украинаны 2 миллиард долларлык аскердик жардам менен колдоп жатканын билдирди.
Башкы катчы Европа Биримдигинин "дрон дубалы" демилгесин да колдоп, НАТО менен ЕБ бул жаатта тыгыз кызматташып жатканын белгиледи. Ал эми Орусиянын учактарынын аба мейкиндигин бузушуна токтолуп, "эгер реалдуу коркунуч жаралса гана жооп чарасы көрүлөт" деп баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















